Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип 45 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип 45 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү милицияга арыз менен 25 жаштагы Шалта айылынын тургуну кайрылган. Анда ал мас абалдагы белгисиз адам Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринин кассасынын айнектерин талкалап салганын билдирген. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барып, кылмышка шектүү катары 45 жаштагы С.Р. аттуу Беловодск айылынын тургунун кармашкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
leilek_suluktu
2016-10-11 15:34:18
ким экен беловодскийде мен жашагамын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан