Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, 30 тонна май төгүлдү

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, 30 тонна май төгүлүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МАN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, Бишкек-Ош жолунун 409-чакырымында жолдун четине оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочусу жеңил жаракат алып, 30 тонна күйүүчү май жолдун четине төгүлгөн.

"Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруу бөлүм тартылган. Айдоочулар үчүн унаа жолу ачык. Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ermek19701970
2016-10-10 17:35:36
Кудай сактасын. Өздөрү аман экен.
+1
kursantvs
2016-10-10 22:15:10
эми 30 тонна бензинди толоп бериши бар да.
+1
Badr
2016-10-11 06:49:10
Мен 2 саат мурун оттум Ошко карай,чукул повороттон оодарылып кетиптир айдоочулар кудайды коп коп эстеп дуба кылып,аяталь курсини окуп анан отургула рулга демекмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан