Ооганстанда автоунаа жарылып, 14 киши каза болду

Бүгүн, 10-октябрда Ооганстандын Лашкаргах шаарында ичине мина коюлган автоунаа жарылып, 14 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, курман болгондордун 10у полиция кызматкерлери. Жардыргыч затты автоунаага жан кечти-террорчу алып келип иштеткени аныкталган. “Мурда айыл аймактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген “Талибан” кыймылы эми чоң шаарларга чабуул коё баштады. Аны менен катар бул өлкөдө “Ислам мамлекети” тобунун да таасири күчөп жатат”, - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан