"Мыйзамсыз курал саткан" деген шек менен Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасынын айдоочусу кармалды

Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжисариевдин айдоочусу мыйзамсыз курал сатып жүргөнү боюнча ишти Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, айдоочу өткөн жумада уюшма кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө үч даана АКС-74 Калашников автоматын сатып жаткан учурда кармалганы маалымдалган. Ал куралдарды аскер бөлүктүн кампасынан алып чыгып сатып жатканы, үйүн тинтүү учурунда да мыйзамсыз курал-жарактар чыкканы кабарланган.

Коргоо комитетинин басма сөз кызматы аталган айдоочунун камалганын бышыктады. "Биз айдоочунун колго түшкөнүн эле тастыктайбыз. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, аты-жөнүн айта албайбыз. Башка жагдайлар тууралуу комментарийди ишти иликтеп жаткан органдар беришсин", - дешти мекемеден.

Кылмышка шектелип кармалган айдоочунун прапорщик аскердик чини бар экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
future_kg
2016-10-11 08:59:52
Озоктон чыккан ОРТ жаман . Шефин кошо камагыла !
+1
dastan_2016
2016-10-11 10:31:40
Кет буканы создору 100% пайыз чындык айтылган.ичин ачышатда
0
fanatka19
2016-10-11 15:41:06
Кожоюнунда кептин баары
0
Kakaly
2016-10-12 00:33:28
Ушул адам камалды дегенди уксам, анда кичине иштеп жатышат деп ишенем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан