Бүгүн Азимжан Аскаровдун соту уланат

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы 4-октябрда Азимжан Аскаровдун ишин карап баштаган. Анда айыпталуучу, жабырлануучу жана күбөлөр суракка алынышкан. Ошондой эле жактоочу айыпталуучуну абактан бошотуу өтүнүчүн келтирген, бирок сотттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырган эмес. Сот ишин кароо Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде бүгүн да уланат.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
-Sumitra-
2016-10-11 09:55:16
Тообо качантан бери уланып атат соту.Кыргызстандагы сотторго тан каласын куноолуу экени билинип эле турбайбы?Соттоп 20жылга кесип салбайбы нары.Калпеле ар биринен акча алып алышып созуп журо бербестен.Эч нерсени чече алышпайт!Бакиевдерди эле сырттан соттоп кое алышат коркоктор десе!
+5
mir.osh
2016-10-11 10:12:53
Аллах жазасын берсин мен Кыргызмын элим жерим учун кызмат кыламын жана коргоймун десе ал адамды омур боюу эркинен ажыратып давно эле жок кылыш керек эле
+5
dastan_2016
2016-10-11 10:26:01
Бийликтегилер баарынар коркоксунар ХХХ канча койгойлуу маселелер жатат ыйлагым келет журогум ооруйт ХХХ
+1
admin_portal
2016-10-11 13:52:40
dastan_2016, этика нормаларын сактаңыз!
-1
rukopashnik
2016-10-11 10:58:58
бул Атамбаевдин иши болушу мүмкүн,элди башка нерсеге көңүлүн буруп,референдум өткөзүп алыш эле...
+2
azamat.k
2016-10-11 11:05:56
Ушул сот болумуштардын кылган иши жерге кирсин,кылмышкер деп соттогондон кийин тек койгула да чирип олсун турмодо.Бул кылмышкерди кайра кайра соттойбуз деп сот залына судуробой.Эгемен олко дейбиз озубузду,анан эле чет олколуктордун корсотмосу менен иш кыласынар.Бакиевдерди Мырзакматовдорду жб сыртынан соттодунар,алдынардакы кылмышкерди соттой албайсынар,эмне Батыровдон коркуп жатышабы дейим да.Ушундан коро ХХХ ХХХ ХХХ намысы жоктор.Анан да актабагыла ХХХ ХХХ ХХХ ушуну!
+1
admin_portal
2016-10-11 13:51:34
azamat.k, провокациялык билдирүүлөдө алыс болууну сунуштайбыз!
-1
Urmat_83
2016-10-11 11:17:53
Адвокаттарын аларга кошуп НПОшниктерди кошуп камаш керек. Коргой турган адамды табышыптыр
+1
chon.alai.
2016-10-11 15:30:11
аскаровду асып еле койуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан