Жайыл районундагы өрт кырсыгынан 42 жаштагы аял жана 8 жаштагы бала денесинен күйүк алды

Жайыл районундагы турак жайлардын биринен өрт чыгып, 42 жаштагы аял жана 8 жаштагы бала бутунун тамандарынан күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новониколаевка айылындагы турак жайлардын биринин ашканасынын 50 чарчы метр чатыры жана 2 жыгач эшиги күйгөн. Натыйжада 42 жаштагы А.Айна аттуу үйдүн кожойкеси жана 8 жаштагы Б.Азирет аттуу баласы бутунун тамандарынан жеңил күйүк алышып Жайыл райондук ооруканасына жеткирилишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан