Ош-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында айдоочу көкүрөгүнөн жана башынан жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаарындагы Айыл-Булак айыл аймагындагы Ош-Бишкек жолунун 398-чакырымында кечээ, 10-октябрда MAN үлгүсүндөгү май ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келе жатып чукул бурулуштан оң жагына оодарылып кеткен. Натыйжада 30 тонна күйүүчү май төгүлүп, 28 жаштагы Ж.Данияр аттуу айдоочу көкүрөгүнөн жана башынан жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, унаанын капталына суу чачышкан. Натыйжада өрттүн жайылуусунун алдын алып калышкан.