Өткөн суткада өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында өрт кырсыгы катталган. Анда Лермонтов көчөсүндө жайгашкан турак жайдын короосунда жалпы аянты 217 чарчы метрди түзгөн сарай, чөпкана, 2200 түк чөп күйүп кеткен. Айыл чарба техникаларынан чөп чапкан 1 техника, жер айдоочу дагы бир техника күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.