Азимжан Аскаровду камакта кармоо шартын өзгөртүү өтүнүчү ачык калтырылды

Бүгүн, 11-октябрда Азимжан Аскаровдун ишин кароо уланууда. Чүй облустук сотунда иши каралып жаткан Аскаров сотко өтүнүч келтирип, Төлөйкан Исмаилованы коомдук жактоочу катары отурумга катышуусун суранды. Соттук коллегия ордунан кеңешип, өтүнүчтү канааттандырды. Ошондой эле жактоочу Валериян Вахитов Аскаровду камакта кармоо шартын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Соттук коллегия өтүнүчтү ачык калтырып, бүгүн чечилерин кошумчалады. Ал эми Төлөйкан Исмаилова айыпталуучунун ден соолугу начарлап жаткандыктан үй камагына чыгаруу керек экенин айтты.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
take220281
2016-10-11 12:24:42
Актап жиберсе да таң калбайм.
+4
Raymer88
2016-10-11 12:34:07
take220281,эмне себептен
0
Aiti090686
2016-10-11 12:31:17
ХХХ лучше камаш керек
+3
admin_portal
2016-10-11 13:41:31
Aiti090686, башкалардын улутун кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
azamat.k
2016-10-11 12:33:31
Актап жиберсе Кыргызмын деген намыс кайда калат.Анда эле олгону соттордун.
+3
plaza85
2016-10-11 12:36:29
Бийлик бир ушул адамга кучу жетпесе анда бийликти Кыргыз мамлекетти эмес бейокмот уюмдар башкарып жатат деп тушунсок болот экен.
+2
ERCHOROEV
2016-10-11 12:43:54
Бул эмне деген бийлик эмне деген закон тушунбодум? Мамлекеттин жарым автоном кылып болуп алам деп канчалаган адамдын канын ичкен деген адам камактан чыгарылып жатат Кыргызстан озу мине мамлекетпи же сассык саясатташып кеткен Сассыкстанбы билбейм.
+4
Tahminam
2016-10-11 12:49:29
Ал да эжесине окшоп турмушка чыксын сартка. Же аны жактагыдай коп акчасын алган го.Уялбай бети жок.
+1
Sirduusezim
2016-10-11 13:17:11
Майли дс начарлап ошерде тынчысын. Эптеп шылто табыш керек чыгарганга.
0
babushka1510
2016-10-11 13:24:03
Мумкун кызыл килем менен узатышат.Батукаев деле ошентип кетти го,тан калыштуу эмес
0
Er-jurok.
2016-10-11 14:49:57
Бакиевдин убагында болбогон нерселер болуп кетип жатат.
-1
bom.bon
2016-10-11 16:12:11
Толойкан эжебизге тан калбадым! Кыргыз элеби озу?
+1
Shapak1979
2016-10-11 17:48:26
Толойкан Кыргыз элинин душманы турбайбы ой эл журт. Эмне дешимди да билбей калдым.
+3
azema9
2016-10-11 20:11:46
Озубектерде эркек киши хам айтади хам кайтади деген соз бар эле биздин соттор деле ошондой окшойт жабылган ишти жаап койсо болот го ошентип отуруп озунун баркын кетиришет
0
Zanzibara
2016-10-11 21:48:44
Андижанда элин кырып жиберип эч кимге отчет бербей эле биздин ички ишибиз деп жаап салды эле го?! Эмнеге биз ошондой жасай албайбыз!!! Кылмыш иши эчак далилденип жоопко тартылган адамды кайра эмнени сурап, эмне жөнүндө сот болот эч эле түшүнбөдум?! Ушундай бечара эле эл болдук, өз олкобузду өзүбүз башкара албай кашабыз чыгып!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан