Орусиянын Москва шаарында кечээ, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын жаранын атып кетишти. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Москванын көчөлөрүнүн биринде саат 16:00 чамасында болгон. Көп кабаттуу үйдүн короосунда 4 адам спирт ичимдиктерин ичип, бөтөлкөсүн короодо турган автоунаалардын биринин үстүнө коюшкан. Унаанын ээси үйүнүн терезесинен аларды көрүп калып, бөтөлкөнү алып коюусун айтып эскертүү жасаган. Мындан майнап чыкпагандыктан, ал куралын алып, 4 адам менен сүйлөшүүгө чыккан. Сүйлөшүүдөн уруш чыгып, унаанын ээси отургандардын бирин – 34 жаштагы Мирбек Сырымбетов аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жаранын тапанчасы менен атып салган. Ок тийген адам оор абалда ооруканага жеткирилген. “Ок чыгарган адам Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пенсиядагы кызматкери экени аныкталган. Ал эми тапанча ага мурунку жумушундагы кызматы үчүн сыйлык катары берилген. Тергөөчүлөр кылмышка шектүү адамды кармап, суракка алып жатышат”, - деп жазылат маалыматта.