Эки баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 3 аптадан бери изделүүдө

Мындан 3 апта мурун Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"Кылмышка шектүү Рустам Жалилов табыла элек. Аны издөө иштери улантылууда", - деди Бугубаев.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү май куюучу жайды сүзгөн соң ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Seryi-Kardinal
2016-10-11 13:39:04
emi karmalbait
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2016-10-11 14:26:59
Seryi-Kardinal,кармалбай кайда бармак,кармалат.
+1
omka100514
2016-10-11 14:37:33
бизде акчасы көп кылмышкерлер ошентип эч качан кармалбайт, анан убакыт өткөндө сот калп эле сыртынан паланча жылга кесилди деп өкүм чыгарып койот
+1
Gsuita
2016-10-11 15:04:45
Кудай өзү жазаласын,кайсыл жерде жүрсө да
+2
chon.alai.
2016-10-11 15:08:41
кармалса деле акча берип чыгып кетет.бай екен.
+1
leilek_suluktu
2016-10-11 15:17:30
этият болуп айдаса болотко машинесин газды куч менен басканда же тормуз иштевей калгандыр.
0
Kroxa
2016-10-11 18:46:36
leilek_suluktu,газды басты да мас болсо,кайдан тормузу иштебей калсын, джип минсе байлыгына манчыркаган неме го 2 баланын убалы уктатпайт акыры жазасын алат..кан кое бербейт дечу беле..
+1
Artur555
2016-10-11 15:32:28
21-сентябрда болсо, эмнеге таможнядан сразу кармаса болот да 22 сине чейн бок жэп отуруштубу милиция кызматкерлери. Если кармай албаса анда жооптуу милиция кызматкерлерин жоопко тартуу керек, ошондо гана кылмышкерди кармашышат.
+2
temirov76
2016-10-12 10:10:33
Artur555,оздору коё берип жатса кайдан кармалат эле,бул козунду каттуу жумсанда корунуп турган нерсе,анын ордунда бир бечара болгондо качан эле кармалган болот эле.
0
barakcha
2016-10-11 22:27:46
Издемиш этип убара болбогула...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан