Бишкек шаарынын тургуну граната жана ок-дары менен кармалды

Бишкекте 1 даана граната жана 51 даана ок менен көчөдө бараткан 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын Уюшкан кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кечээ, 10-октябрда саат 16:00 чамасында Чапаев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Анын өздүгүн текшерип, тинтүү иштерин жүргүзүү маалында колундагы көк түстөгү пакеттин ичинен Ф-1 үлгүсүндөгү 1 даана граната, Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 51 даана огу табылган. Учурда аталган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Er-jurok.
2016-10-11 14:29:41
АКШ элчилиги тараптан келе жатат бекен?!))
+3
Edik_86
2016-10-11 19:53:31
жардынго я эр журок
+1
Edik_86
2016-10-11 19:54:00
оба
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан