Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 21 жаштагы кыз кармалды

Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 20 жаштагы Б.Д. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбор калаанын 21 жаштагы Ж.Д. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
leilek_suluktu
2016-10-11 15:28:09
жаштык кылып койгонда жаш кыз экен.
+2
chon.alai.
2016-10-11 17:35:28
кантип бети барды уурулук кылганга.эми мынтип шермендеси чыгып жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан