Борбор калаада 1 килограмм баңгизат менен 56 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 9-октябрь күнү саат 22:00 чамасында борбордогу Абай көчөсүнөн 56 жаштагы И.В. аттуу жаран кармалган. Аталган жаран көтөрүп жүргөн пакеттен 5 жана 1,5 литрдик көлөмдөгү желим бөтөлкөлөрдүн ичинен жалпы салмагы 1 килограммды түзгөн гашиш алынган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.