Борбор калаадагы турак жайлардын биринен өрт чыгып 1 унаа, бастырманын чатыры күйүп, улгайган аял бетинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Карагайский кыска көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен орун алган. Анда Мицубиси-Писинг үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп, бастырманын 20 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 3 терезе, эшик күйгөн. Ошондой эле 1958-жылы туулган З.Б.Понамарева бетинен жана колунан күйүк алып, "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.