Ооганстандагы жардыруу жана куралчан адамдын кол салуусунан 14 адам каза болду

Ооганстандагы жардыруу жана куралчан адамдын кол салуусунан 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсыктан өлкөнүн 13 жараны жана 1 полиция кызматкери каза болгон. 43 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

Окуя 11-октябрь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда шииттердин мечитинин жанында жардыруу болуп, андан соң белгисиз адам мечитте сыйынып жаткандарга карата ок чыгарган. Алгач ок чыгаргандар үчөө деп айтылган, бирок полициянын өкүлү кылмыш болгон жерде 1 адам жок кылынганын билдирди”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан