Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-октябрда милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 26 жаштагы Э.М. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 4-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан болжол менен 18-20 жаштагы белгисиз 3 жаран ага карата күч колдонуп, 1000 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Т.Т., Б.Д. жана 19 жаштагы К.Т. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Учурда алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан