Индияда селфи сүрөткө түшүп жаткан 16 жаштагы кыздын баш терисин аттракциондун айлампасы сыйрып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя сентябрь айында катталган. Бирок тартылып алынган сүрөт социалдык желелер аркылуу бүгүн, 12-октябрда гана коомчулукка тараган.
Эс алуу багында селфи сүрөткө түшүүнү каалган кыз аттракционго жакын барган. Айланып жаткан аттракцион кыздын чачын тартып кетип баш терисин сыйрып кеткен. Айланадагы адамдар кызга жардам беришип, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Учурда кыздын абалы кандай экени маалыматта айтылган эмес.
Аталган окуя Дели шаарынан 40 чакырым аралыктагы анчалык чоң эмес Бараут шаарында орун алган.