Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери “карындашын сабаган” деген шек менен 49 жаштагы адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Новопокровка айылынын 44 жаштагы тургуну М.Л. арыз менен кайрылган. Анда 10-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Юрий аттуу агасы аны эч кандай себеби жок сабаганын жазган. Милиция кызматкерлери көп өтпөй Бишкек шаарынын 49 жаштагы П.Ю. аттуу тургунун кармашкан. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.