Ошто 5 окуучуга мыйзамсыз аттестат берилгени аныкталды

Ошто 5 окуучуга мыйзамсыз аттестат берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы С.Шарипов атындагы мектептин жетекчилиги 2014-2015-окуу жылында "башка мектептен окуп, которулуп келди" деген тактама менен 5 окуучуга аттестат берген. Иш жүзүндө ал балдар тактама алган мектепте окушкан эмес. Мындан улам 5 окуучуга аттестат мыйзамсыз берилген. Учурда топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samatbek1988
2016-10-12 12:47:34
Акырына чейин чыгат болду бекен эми?
0
kirgiz1988
2016-10-12 13:39:50
мекепте эле эмес азыр жогорку окуу жайларында мындайлар канча, озу Россияда журуп бутургондор толуп атпайбы
+4
Kroxa
2016-10-12 16:15:06
Ошондойлор коп азыр москвадан кордум 15 16 жаштагылар атестатты сатып беришет ата энеси окуу жайга откорушот акча чечип калган...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан