Эки күндөн бери интернет колдонуучуларынын бири Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган видео кызуу талкууга алынууда. Видеодо Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси кол алдында иштеген кызматкерди “Канча айтам, бул сойкуларга тийишпегиле деп?! Чалсам албайсыңар, силер атайын жасап жатасыңарбы?” деп урушуп жатканы чагылдырылган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, бул видео үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарындагы №10-милиция бөлүмүндө жашыруун тартылган. Ал эми видеодо кол алдындагы кызматкерди урушуп жаткан адам аталган бөлүмдүн Коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын жетекчиси болгон.
"Кызматтык иликтөө жүрүп, аталган жетекчиге катуу сөгүш берилди. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.