Өзгөн-Кара-Кулжа унаа жолунда катталган кырсыктан 1 адам каза таап, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, саат 22:48 чамасында Мырзаке айыл аймагында Өзгөн-Кара-Кулжа унаа жолунун 15-чакырымында орун алган. Анда Хонда Жазз үлгүсүндөгү унаасы менен Хонда Аккорд унаасы сүзүшкөн. Натыйжада оор жаракаттардан улам 1 адам каза таап, 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 53-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.