Канга боёлгончо мушташкан кичинекей балдарды аталары алардын чыдамкайлуулугун текшерүү максатында мушташтырышкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Иликтөө иштеринин алкагында видео Өзгөн районунда тартылгандыгы аныкталган. Кечээ саат 18:00 чамасында мушташкан балдардын аталары кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, 48 саатка камакка алынышкан. Сурак учурунда алар Кош-Дөбө айылынын тургундары экени, кыш куюп сатуу менен алектенгендери жана видео август айында тартылгандыгы белгилүү болгон. Видеодо 2009-жылы жана 2010-жылы туулган эки кичинекей баланын чыдамкайлуулугун текшерүү максатында мушташтырып, аны видеого түшүрүшкөндүгүн айтышкан. Учурда окуянын күбөлөрү суракка алынышууда", - деди Ж.Ашырбаев.
Айта кетсек, 3-октябрда социалдык тармактардын биринде кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Балдарды айланчыктаган чоң кишилер эки бала ыйлаганына карабай аларды кайраштырып, "ур, саба, жанч" деп кыйкырып турушкан.