Өзгөн районундагы жол кырсыгында 5 адам жабыркап, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ таңкы саат 06:49да Төрт-Көл айыл аймагындагы Ана-Кызыл айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 590-чакырымында орун алган. Анда Daewoo Nexia жана Honda Stream үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада оор жаракаттардан улам 2 адам каза таап, 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 53-өрт куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.