Орусиянын Самара шаарында Кыргыз Республикасынын жараны баңгизатын сатканы үчүн 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери бүгүн, 13-октябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Латипов үстүбүздөгү жылдын 18-февраль күнү Светлана аттуу Самара шаарынын тургунуна салмагы 101,88 граммды түзгөн героинди сатуу боюнча макулдашкан.
"Ошол эле күнү Киров районундагы үйлөрдүн биринин жанына таңгакталган баңгизатын бекитип, сатып алуучуга баңгизаты турган жерди көрсөткөн СМС-билдирүү жөнөткөн. Бул кылмыштын бети ачылып, Киров райондук соту прокурордун пикирин эске алуу менен айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты. Ал эми Светлана аттуу аял буга чейин Киров райондук соту тарабынан 10 жылга соттолгон болчу", - деп жазылат маалыматта.