Ысык-Ата районунда "45 жаштагы аялды сабаган" деген шек менен 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Ысык-Ата районунда "45 жаштагы аялды сабаган" деген шек менен 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-октябрда милицияга арыз менен 45 жаштагы Ивановка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал саат 07:00 чамасында 25-30 жаштардагы белгисиз адам аны себепсиз ур-токмокко алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Э.Ж. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан