Бишкекте кол алдындагыларды "сойкуларга тийишпегиле" деп урушкан милиция кызматтан алынды

Бишкекте кол алдындагыларды "сойкуларга тийишпегиле" деп урушкан милиция кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы №10-милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын жетекчиси Пардабай Намазбаевге алгач катуу сөгүш берилген. Кийин Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында ал кызматтан алынган.

Айта кетсек, мындан үч күн мурун интернет колдонуучуларынын бири Фейсбуктагы баракчасына видео жайгаштырган. Видеодо Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси кол алдында иштеген кызматкерди “Канча айтам, бул сойкуларга тийишпегиле деп?! Чалсам албайсыңар, силер атайын жасап жатасыңарбы?” деп урушуп жатканы чагылдырылган.

Милиция кызматкери "Сойкуларга тийишпегиле" дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Arslan12
2016-10-13 11:35:53
Кабардан кийин!
+6
zhykyo
2016-10-13 11:54:08
Сатып койгон
-6
modem4999
2016-10-13 12:01:13
zhykyo,Сенин оюнча жон коюш керек беле?
+11
Pirimkul
2016-10-13 12:14:27
мына эми озуно келди окшойт мыйзам баарына бирдей болуш керек. жон эле иштен бошотуп койбостон каматыш керек болчу
+9
Arslan12
2016-10-13 12:23:32
Кызматынан которуп жибербесе эле, бизде боло берчу эле 1 ай эс алууга жиберип анан кызматынан жогорулатып коймой!!!
+6
tashi62
2016-10-13 12:29:39
Эми сутенёр болуп иштейберсин .
+15
ruslanz
2016-10-13 19:44:59
tashi62, жакшы коментарии
+1
Ssamat
2016-10-13 12:42:14
Камаш керек эле
+6
admiral
2016-10-13 13:01:08
Кызматтан алып эле койбой жазалаш керек эле
+7
aigerimosh
2016-10-13 13:31:12
Шумдугуң кур.Мага өчөшүп жатасыңбы дегенин.Көбүрөөк төлөгөн кыз окшойт!
+6
Beko87
2016-10-13 13:53:29
Кызматтан алат буттубу?анда коркунуч жок экенда.коп болсо кызматтан алат болду деп башкалар крыша боло берет!
+5
Nuke_A
2016-10-13 18:12:51
кызматтан алынбаптыр, кызматынан томондотулуптур
+3
qwert123
2016-10-13 19:33:52
Эх Пардабай Пардабай жургун эми чардабай сойкулардан тушкон акчага жыргачы элен тандабай
+4
tita
2016-10-15 02:55:11
qwert123,
Онорун оркундой берсин, бир каткырып алдым )))
0
Arlenchik
2016-10-13 20:14:13
Кызматтан алуу менен эле чектеп койбой жазага тартышпайт беле.
+1
Ayida
2016-10-13 21:57:35
Бул милицияга кошулам. Себеби кундо кармайсынар деп жатпайбы. Кундо кармаганга жараша акча алып туруп койо бербеш керек эледа.Милицияны коро албай видеого тушуруп алыптырда.Жадашатда ошончо кыз ызылдап карганса кимдин болбосун башы ооруйтда.Бул жерде милиция пара алган эмес просто жадаган анан суйлодуда капысынан
0
kgalik
2016-10-13 22:56:10
камаш керек
+1
kgalik
2016-10-13 22:57:23
супер. кг. суроо салып корбойсунорбу, неге иштен эле бошотулат деп камаш керек элего деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан