Сокулук районунда бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Новониколаевка айылынын Б.Б. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын үйүнө кирип, 10 миң сомун уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Жайыл районунун 31 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнүн бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.