Нарын шаарында дүкөндүн жанында токтоп турган унааны айдап качкан жаран кармалды

Нарын шаарында дүкөндүн жанында токтоп турган унааны уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында милицияга 1993-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасын дүкөндүн алдына токтотуп койгон учурда белгисиз жаран аны айдап качып кеткенин билдирген. Көрүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында аталган унаа Жаңы-Жол аймагындагы көпүрөдөн жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн абалда табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө 1972-жылы туулган С.К. аттуу кылмышка шектүү Арал аймагынан кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан