Бишкекте "улгайган аялга үй сатып берүүнү убадалап 120 миң сом акчасын алып качып кеткен" деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 62 жаштагы аял кайрылган. Анда жабырлануучу 2013-жылы ноябрь айында эки адам анын ишенимине кирип, үй сатып берүүнү убадалап 120 миң сом акчасын алып, кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 60 жаштагы А.Л. аттуу аял жана 53 жаштагы М.Т. аттуу эркек киши кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу дагы 5 кылмышка катыштыгы бар экени аныкталып, тергөө амалдары жүрүүдө.