Бишкектеги кытайлык ишкерди карактап, 27 миң доллар акчасын алып кеткендер кармалышты

Бишкектеги Кытайдын жаранын карактап, 27 миң доллар акчасын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 5-октябрь күнү саат 13:30 чамасында Бишкектеги батирлердин биринде болгон. Анда белгисиз адамдар Д.Г. аттуу кытайлык ишкерди тапанча менен коркутуп, ага тиешелүү 27 миң доллар жана 150 сом акчасын алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 5 адам кармалган. Алар айдап жүргөн кара түстөгү БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаанын ичинен тапанча жана аңчылык ок атуучу курал табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chon.alai.
2016-10-13 14:18:42
дагы бир крим тоболдун балдары да
+1
Tansuluu09
2016-10-13 14:35:17
Кыргыздар окшойт (
0
keba300989
2016-10-13 14:36:59
Бизде иш кылышты билет бирок таза кылалышбайт.
0
mirsapar
2016-10-13 15:05:32
кыргыз деген атты, мамлекетти уят кылышты го
0
Buldoook
2016-10-13 15:39:41
Биротоло ХХХ ХХХ ХХХ эле кытайлар коондун уругундай жаман кобойдуго [moderated]га окшоп
0
admin_portal
2016-10-13 15:57:05
Buldoook, провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
-1
admin_portal
2016-10-13 17:12:40
Khabib, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
-1
zhykyo
2016-10-13 17:20:29
Негизи кытайлар мага жакпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан