Кечээ, 12-октябрь күнү окурман "Элдик кабарга" Бишкек-Ош унаа жолунда Дэу Нексия жана Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 1 адам каза болгонун жана бир канча адам ооруканага жеткирилгенин маалымдаган. Бул тууралуу Өзгөн райондук ооруканасына кайрылганыбызда, төмөндөгүлөргө токтолушту: "Жол кырсыгы таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 590-чакырымында болгон. Окуя болгон жерден Т.Жороев каза болгон. Ал эми М.Акбаров ооруканага келген соң каза тапкан. 17 жаштагы Б.Кочкорбаева болсо башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Р.Дадабаева, С.Кадырова жана М.Кадырованын абалы орто. Кырсыктан каза болгондор Ноокен районунун тургундары".
Алдын ала маалыматтарга караганда, Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулду башкарып баратып уктап кеткен.