Бишкек шаарынын аймагында 15ке жакын батирди тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, октябрь айынын башында Ак-Өргөө жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине белгисиз жарандар кирип, үй ээсинин 74 миң сом акчасын уурдап кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда 2 жолу соттолгон, 1995-жылы туулган С.К. жана 1995-жылы туулган К.О. аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана Балыкчы шаарынын 1994-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн борбордун аймагындагы 15 батирди тоноого катыштыгы бар экени аныкталып, учурда иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.