Ахматбек Келдибековдун иши боюнча шаардык соттун өкүмү күчүндө калды

Ахматбек Келдибековдун иши боюнча шаардык соттун өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Жогорку Сот Ахматбек Келдибековго карата жазык ишти карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмүн жана аныктамасын күчүндө калтырды.

Айта кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен актап жана ошол эле берене менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле ага 30 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Ал эми бул чечимди Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 11-мартында карап, Биринчи Май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган өкүмүнүн актаган жерин өзгөртүп, 50 миң эсептик көрсөткүчтө айып салган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң көрсөткүчө айып салынган. Башкача айтканда, 10 миллион сом мамлекеттин эсебине которуу чечими чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
chon.alai.
2016-10-13 15:44:41
Келдибеков тынчыбай койдугой
0
Munar8625
2016-10-13 16:05:39
маладес келдиш
0
tashi62
2016-10-13 16:11:40
Дагы эле бүтө элекпи
0
Akshumkar
2016-10-13 16:27:13
Ичмектин ХХХ бар унутпагыла
-1
admin_portal
2016-10-13 17:07:08
Akshumkar, этика нормаларын сактаңыз!
0
Akshumkar
2016-10-13 16:27:32
Келдибековдун кебетеси кетип калыптыр
-1
Slesa
2016-10-13 19:17:58
Akshumkar,сенда Келдибековдун абалына кабылсан.сенинда гебетен гелишип калмак)
0
taake1984
2016-10-15 22:33:08
Бийликтин буйругу да эмесе азыркы бишкектин мээрин соттойт эле да жерди саттын деп же Бекер бердин деп эмнеге бердин эл билип Алды деп
0
taake1984
2016-10-15 22:35:27
Келдибеков Торага болуп турганда жакшы башкара алчу тантырабай азыркыларга окшобой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан