ЖЫЛНААМА, 13-ОКТЯБРЬ: 2005-жылы террорчулар Нальчик шаарындагы бир нече маанилүү объектилерге чабуул коюшкан

Кабардин-Балкар өлкөсүнүн укук коргоо органдары 2005-жылдын 12-октябрынан 13-октябрына караган түнү 10 адамдан турган радикалдык топко каршы атайын операция жүргүзүшүп, алардан жарым тонна жардыргыч зат табышкан. 13-октябрь күнү 200гө жакын согушкер ар кандай жардыргыч заттар менен куралданышып, Нальчик шаарындагы бир нече маанилүү объектилерге чабуул коюшкан. Анын кесепетинен 93 согушкер, 35 укук коргоо кызматкери жана 12 тынч тургун каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.

Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, согушкерлер өлкөнүн борборун басып алууну көздөшкөн. Алгач кол салуу Орозо айынын соңуна, 4-ноябрга пландалган. Бирок өлкөнүн укук коргоо органдары ага чейин террорчулардын кээ бирин кармап алганы үчүн окуя 13-октябрда болгон.

13-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан