Орусиянын Москва шаарында “дүкөндөн чыгып келе жаткан сатып алуучуну сабаган” деген шек менен Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 10-октябрь күнү кечинде болгон. Жабырлануучунун айтымында, ал дүкөндөн эч нерсе сатып албай, сыртка чыкканда эки чоочун адам анын жанына келип, баштыгында эмне бар экенин текшеребиз дешкен. Ал дүкөндөн соода кылбагандыгын айтып, баштыгын текшерүүгө макул болбогон соң эки адам ага басынтуучу сөздөрдү айтып, ур-токмокко алышкан.
"Көп өтпөй аталган кылмышка шектелгендердин бири, 24 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Кылмышка шектүү Москвадагы супермаркеттердин биринде кароолчу болуп иштеген. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, экинчи шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.