Бишкекте улгайган табып жаш баланы көк таш менен дарылайм деп өлтүрүп алды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, псориаз (тери оорусу) менен ооруган баланын ата-энеси аны ооруканада дарылатуу натыйжасыз болгондуктан, 80 жаштагы табып аялга алып барышкан. Табып баланын терисин көк таш менен дарылоого аракет жасаганда, бала өзүн жаман сезе баштаган. Ата-энеси аны №3-Балдар ооруканасына жеткиришкенде, ал ошол жерден каза тапкан. Бул факт боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында табыптын жасаган аракетине юридикалык баа берилет.