Орусияда октон жабыркаган кыргыз жаранынын абалы орто

Орусияда октон жабыркаган кыргыз жаранынын абалы орто. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен бүгүн, 14-октябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркаган жаран учурда Склифосовский атындагы Тез жардам институтунда дарыланууда. Абалы ортодон жогору.

Айта кетсек, окуя 10-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Москва шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда короодо 4 адам спирт ичимдиктерин ичип, бөтөлкөсүн короодо токтоп турган унаалардын биринин үстүнө коюшкан. Унаанын ээси үйүнүн терезесинен аларды көрүп, бөтөлкөнү алып коюусун айтып эскертүү жасаган. Мындан майнап чыкпагандыктан, ал куралын алып, 4 адам менен сүйлөшүүгө чыккан. Сүйлөшүүдөн уруш чыгып, унаанын ээси отургандардын бирин – 34 жаштагы Мирбек Сырымбетов аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жаранын тапанчасы менен атып салган. Ок тийген адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Ок чыгарган адам Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пенсиядагы кызматкери экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mikilei_89kg
2016-10-14 09:52:22
бироонун машинасына ботолкосун койбой эле койбойбу. Кыргыздар озу кооп кетет кичине акча тапса, канаттарын жайып талтандап басып калышат. Бироонун жеринде жургондон кийин абайласа болмок, кудай шыпаасын берсин, сакайып кетиниз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан