Жайыл районунда 2 уурулук фактысына шектелип жергиликтүү тургун кармалды

Жайыл районунда 2 уурулук фактысына шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 74 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Кара-Балтадагы базардан белгисиз жаран анын уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы С.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Териштирүү иштеринен кийин кылмышка шектүүнүн аталган райондо катталган дагы бир уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан