Кара-Суу районунда 66 жаштагы адам сууга агып кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагында 9-октябрь күнү Отуз-Адыр каналына Кара-Дөбө айылынын 66 жаштагы тургуну агып кеткен. "Кечээ, 13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары издөө иштерин жүрүзүшүп, саат 09:20да Отуз-Адыр каналынан маркумдун жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.