Ноокен районунда эшик-терезе жасоочу ишканадан өрт чыкты

Өткөн суткада өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарчасында өрт кырсыгы катталды. Анда Ленин көчөсүндө жайгашкан эшик-терезе жасоочу ишкананын 448 чарчы метр чатыры, 93 даана жыгач эшик, 76 даана тактай, 14 даана жыгач терезе жана эшик-терезе жасоочу станок, жабдыктар күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби иликтенип, келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2016-10-14 14:54:38
Ужасс жердештерим аман элесинерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан