Кытайда 8 айлык Сяо Бао аттуу ымыркай эмчек эмип жатып тиштеп алганы үчүн апасы аны катуу жазалап, дарыгерлер баланын денесинин 100дөн ашуун жерин тигишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акылга сыйбаган окуя Кытайдын чыгыш тарабында жайгашкан Сюйчжоу аймагындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда үйдүн короосунда жерде канга чыланып жаткан ымыркайды анын таякеси таап, аны тез арада ооруканага жеткирген. Аёосуз жазаланган наристе ооруканага оор абалда түшкөн, бирок дарыгерлер аны аман алып калышкан. Арадан көп убакыт өтпөй ымыркайдын энеси баласын эмчек эмип жатканда тиштеп койгону үчүн ушинтип жазалагандыгын билдирген.
Таш боор эненин кошуналары жергиликтүү бийликке кайрылып, аялды энелик укугунан ажыратууну талап кылышкан. Жергиликтүү бийлик аталган аялдын андан башка дагы 2 баласы бар экенин баса белгилеп жана буга чейин мындай нерселер болгон эместигин айтып, баланы энесине калтырууну туура көргөн.