Араван районундагы №25-жатак-мектептин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жатак-мектептин жетекчилиги кызматкерлерине “оор шартта иштейт” деген негиз менен айлык акыларына мыйзамсыз кошумча 166 миң сом төлөгөн. Ошондой эле жалган негиздемелер менен кызматкерге 102 миң эмгек акы чегерилгени аныкталган. Мындан улам мамлекетке 268 миң сом зыян келтирилген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.