Башкы прокуратура кызматкеринин унаасындагы жардырууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кылмышка шектүү катары А.Т. аттуу жаран кармалган. Анын жашаган жерин текшерүү учурунда жарылуучу заттар табылган. Учурда ал сурак берип, кылган ишин мойнуна алууда.
Айта кетсек, окуя 29-июль күнү эртең менен саат 08:45 чамасында Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында болгон. Анда Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиев унаасынын эшигин ачкан кезде жарылуу болгон. Анын кесепетинен унаа ээси оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган.