Борбор калаада чала таанышынан акча алып, бербей жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 41 жаштагы А.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 2014-жылдын 20-сентябрь күнү М.А. жана М.Т. аттуу чала тааныштары анын ишенимине кирүү менен 25 миң сом акчасын алып, бербей жүрүшкөнүн билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы А.Л. жана 48 жаштагы М.Т. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда алар камакка алынып, бул сыяктуу дагы 2 кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.