Бишкекте дарыгерге келген кыздын акчасын уурдоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте дарыгерге келген кыздын акчасын уурдоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Жал кичи районунда жайгашкан ооруканага барып, кийим чечүүчү жайдан сумкасынан 13 миң сом акчасын белгисиз бирөө уурдап алганын билдирген. Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.А. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан