Өзгөндө кичинекей балдарын мушташтырган аталар 2 айга камакка алынышты

Өзгөндө кичинекей балдарын мушташтырган аталар 2 айга камакка алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Тиешелүү чечимди Өзгөн райондук соту чыгарган. Соттун чечимине ылайык, 1970-жылы туулган Бактияр Низамов жана 1987-жылы туулган Хосилжон Алимов 2 ай тергөө абагында болушат.

Буга чейин кичинекей эки баланын канга боёлгончо мушташып жатканы тууралуу видео интернетке чыгып, коомчулук арасында талкууга алынган. Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп, видео Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында тартылганын аныкташкан. Кийин балдардын аталары 48 саатка камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jigit.paren
2016-10-14 17:01:07
Ырас эле болуптур,
+7
begim12
2016-10-14 17:06:19
Аталарын да ошентип бири-бирин мушташтырыш керек эле да канжалатып башы жоктор 2 ай аз го кобуроок бериш керек эле балдарын туура эмес тарбиялап жаткандарын оздору сезишти бекен
+12
Gul14kA
2016-10-14 17:11:03
Балдарына туура тарбия бербегени аз келгенсип,ден соолуктарына зыян келтиришти да. Таалуу жерге кокустан чабып,же тебип алса олумго дуушар болмок да. Негизи эле, копчулук ата -эне балдарга туура тарбия бергендин ордуна,тескери жолго угуттошот.
+8
Maks_shop
2016-10-14 17:49:19
Жакшы кылыптыр
+7
kgnur90
2016-10-14 18:23:42
Бул жакта да Емельяненко м.н Кадыров го
+4
erlist
2016-10-14 18:45:19
Аларды эмнеге камайт эми же камаганга киши таппай атабы мамлекеттин акчасын жегендерди камасын...булар эмне эми айылда жургон эмелер ичип алып мушташтырып койуптур эркек балдар мушташып эле чонойушат баары...карапайым элди эле камаганга кыйын биздикилер
-10
chikeusenov
2016-10-14 19:36:01
камаштын не кереги бар просто бундайларга штраф салсын эртен балдары чонойсо атасы сотолгон деп армияга да бара албайт булар дегег кылмышкер эмес да 50минден 100минге чейин штраф кылышса болбойбу биз деле мушташып чонойгонбузго мен бир кундо уч торт бала менен мушташып чонойгом сопсоо элеминго мушташат да баардык эле балдар
-6
Kanzada97
2016-10-14 20:14:33
chikeusenov,бар видеону карап кел кайрадан, булар башкача мушташкандар. же сенинда атан канга бойолгончо мушташтырдыбы. Ата деген мээримдуу болушу керек
+7
leilekstan_1987
2016-10-14 21:47:06
Да не чо Озбектер экен штрафты салып кеминде2 жылга камап салыш керек анан оздоруну балдарындай кылып уруштуруп уйротуп койот турмодо
+5
Beksultan-007
2016-10-14 22:03:02
Туура кылыптыр. ИИМ жакшы эле иштеп жаткандай
+2
zhumagul89
2016-10-15 07:34:32
Эки ай азда ойлонбогон адамга.
+1
aziko1414
2016-10-16 00:20:49
Бириң терек бириң тал.
Бириң өлүп бириң кал.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан