Оштогу төрөткананын дарыгерлери 4 жылга жатак-абакка кесилишти

Оштогу төрөткананын дарыгерлери 4 жылга жатак-абакка кесилишти. Бул тууралуу Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 26-октябрында дарыгерлердин өз милдеттерине жасаган шалаакы мамилесинен улам 1988-жылы туулган Айнура Сагынбаева операциядан соң 43 күн комада жатып, төрөт үйүндө каза болгон. "Маркумдун атасынын дарыгерлердин үстүнөн жазган арызынын негизинде Ош шаардык милициясы иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада Ош шаардык соту кылмыш ишин карап чыгып, чечим чыгарды. Тагыраак айтканда, Кылмыш кодексинин "жүктөлгөн милдетти талапка ылайык аткарбоо", "пара алуу" беренелери менен айыпталган төрөткананын үч кызматкери күнөөлүү деп табылды. Алар 4 жылга жатак-абакка кесилишти. Андан сырткары мамлекеттик кызматтарга иштөөгө, өзүнүн кесибинде дагы иштөөгө үч жылга чейин тыюу салынды. Андан сырткары мамлекетке жаза катары ири суммадагы акча төлөө милдеттендирилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынган маалыматка караганда, акыркы бир жыл аралыгында эле аталган төрөткананын гинекология бөлүмүнүн мурдагы дарыгери, азыр жоопко тартылгандардын бири катышкан операциядан соң 5 аял каза болгон экен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
adiko11
2016-10-15 12:52:39
Аты жонун толук жазсаныздар урматту супер инфо жакшы калыптыр строгий режимге жонотуш керек эле дагы пешенелери бар экен
+8
Aiko_92_29_08
2016-10-15 13:25:42
Жазасы отоле женил эмесби
+7
muhsina
2016-10-15 17:17:57
Aiko_92_29_08, өтө эле жеңил. Буларды жатак абак эмес зонага киргизүү керек болчу
+8
Nura.1012
2016-10-15 14:13:30
Жанын ооруса сураган акчасын берип журуп жаман уйронгон,ошодон пайдаланышат акчасы жоктор олуп кете берет.Коркосун
+6
xnurgul_gul
2016-10-15 14:15:01
Магазинден бир пачка сагыз уурдап алып 9жылга камалып кеткен бироону билем мен бул жерде олум болуп жататго тооба
+10
Дарыгер
2016-10-15 15:40:52
Жакшы карашса ыраазы болуп деле белек бечкектерди бересин. Регистрация кылган эже перчатки сатып алгыла деп баштады. Макул болдум 150 сомго. 6 перчатки стерилденген сатып алдым. Карасам иштетуу мооноту (срок годносту) отуп кетиптир 4 ай мурун. Алмаштырып бериниз десен, медсестра эже жаман "кыжын" экенсин ушинте берсен аялын кыйналып торойт дейт. Ушу медицина кызматкериби???
+9
Дарыгер
2016-10-15 15:48:12
Больницаларга керектуу дары дармектер Жана каражаттарга мамлекеттен акча болунот. Кыргызстандагы бардык ооруканаларга бар дарылар жана каражаттар. Аларды оорулуга Бекер бергендин ордуна алып чыгып сатышат дарыканаларга.
+3
abdykadyrova
2016-10-15 16:08:53
Азыр врачтар акчасыз карашбайт. Басскан турганын акча. Торотконго чейин лыпылдашат андан кийин барыбир тируусунбу олуксунбу? Мен азыркы учурда ошонун баарын башыман откоруп жатам. Адамдан адамдын касиети качты! Азыркы заианда только "АКЧА" суйлойт.
+7
jyldyzay
2016-10-15 18:04:07
Мен эки баламды толойкондун роддомунда тородум, жакшыле карап жакшы торотушту Назик деген окушерка кыз торотту экоон тен шугур жакшы тородум. Бирок палатага тушкондо гинеколог келип бир да текшербеди медсестралар карады. чыгатурган куну справкага деп уялбай 300сомдон алды бети жок. Педиятор Гулбарчын эже жакшы карап журду. Ал эжеге раазы болуп бердик справкага э.
+2
Abubakir05
2016-10-15 21:03:20
Туугандар беш кол тен эмес да арасында жан дили менен иштегендер да бар.Мен озум акушеркамын бугун тунгуч бироону тороттум врачым жок иштейм алладан Гана жардам сурап.Алыскы райондо центрге жетуу учун жарым саат Ошко беш саат убакыт кетет
+2
erikkarakulja
2016-10-15 22:23:36
Мындай нерселер менен ошто врачтарды чекеден камаса болот.
+1
ainura220888
2016-10-16 01:30:12
10жылдан строгий режимде кесибинен омур бою ажыратыш керек болчу. Жашоон булардын колунда турганда оздорун Алладан бийик коюп орондошот барсан. Атам ооруп жатканда врач чакырсак мен барсам бир нерсе озгоробу деген. Ким эле ата энесин оло бер деп олумго кыйсын козун чачырап барсан ошенткен.
+6
Maha-0711
2016-10-16 11:26:02
Аты-жонун да жазып койсонуздар жакшы болмок экен.
0
Bubu88
2016-10-16 18:01:28
Ушунча жаза бергенине да шүгүр дегиле болбосо канчалаган врачтар жаза албай эле жүрүшөт
+2
Aby_elli
2016-10-17 02:12:06
Кыргызстанда кунун врачтарга тушпосун, башын больницада болсо бутун аптекада болуш керек. Мен бирин Кыргызстанда бирин Россияда тородум Кыргызстанда 10минге торосом Россияда бекер тородум и Аптекага да барбадым. Тороп атканында бутуну кармап турдум 200сом бер дегендерди кордум (((
0
Adina9506
2016-10-17 02:25:51
Биздин законду жакшы иштете алышпайт го. Ушул чечимди чыгаргандардын бир кун болбосо бир куну озунун жакынына залалы тийсин ошол убакытта билишет каттага жол койгонун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан