"Патрулдук милицияга 65 унаа мыйзам бузуу менен сатылып алынды" деп Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды бузуу менен тендердин талаптарына жооп бербеген коммерциялык уюмду жеңүүчү деп таап, андан соң 65 жеңил автоунааны сатып алуу боюнча келишимди бекиткен. Мындан улам бюджеттен 25,7 миллион сом мыйзамсыз жумшалганы аныкталган.
"Бул факт боюнча Патрулдук милициянын башкы башкармалыгынын жетекчилерине карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "бюджеттик акча каражатын мыйзамсыз пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.