Башкы прокуратура кызматкеринин унаасын жардырууга шектелген жаран жабырлануучунун алыс тууганы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жабырлануучу Эркин Курманалиевдин алыс тууганы болгон. Шектүүнүн үйүнөн ок атуучу куралдын бир канча түрү, ок-дарылар, граната, детонатор табылган. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусундагы таанышынын үйүнө винтовка, тапанча, граната, ок-дарылар, ички иштер органдарынын бир башкармалыгына тиешелүү мөөр, ок атуучу курал алып жүрүүгө уруксат берүүчү бланктарды жана Калашников автоматын жашырган. Учурда топтолгон бардык материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, окуя 29-июль күнү эртең менен саат 08:45 чамасында Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында болгон. Анда Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиев унаасынын эшигин ачкан кезде жарылуу болгон. Анын кесепетинен унаа ээси оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган.